ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын курама командасы республикалык VII спартакиадада 1-орунду ээлейт

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрдан 14-октябрга чейин Жалал-Абад, Майлы-Суу, Кочкор-Ата жана Токтогул шаарларында  спорттун 13 түрү боюнча  Республикалык VII Спартакиада өтүүдө.

Бул - баскетбол, волейбол, футбол, бокс, дзюдо, кызlар күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, самбо, жеӊил атлетика, стол тенниси, оор  атлетика жана  шахмат.
Бишкек шаарынын курама командасынан 188 адам (спортчулар жана машыктыруучулар) катышууда.


Бүгүнкү күндө Бишкек курама командасынын спортчулары байгелүү орун алган спорттук мелдештин биринчи жыйынтыктары белгилүү болду.


Грек-рим күрөшү – 1-орун, оор атлетика – 1-орун, эркин күрөш – 1-орун, шахмат – 1-орун, дзюдо (эркектер арасында)  - 1-орун, дзюдо (кыздар) – 2-орун, стол тенниси – 1-орун, бокс – 3-орун, кыздар күрөшү – 1-орун.


Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаарынын курама командасы алдынкы орунда. Ошондой эле, 114 упай топтоду.