ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Кабар» маалымат агенттигинде калаанын төрт борбордук көчөсүндө бир тараптуу кыймылды киргизүү боюнча пресс-конференция өткөрүлдү

«Кабар» маалымат агенттигинде 15-октябрдан баштап Бишкектин төрт борбордук көчөсүндө бир тараптуу кыймылды киргизүү боюнча пресс-конференция өттү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкийдин айтуусу боюнча бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөргө киргизүү чечилди: Москва көчөсү — Жаш гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир багыттуу болот. Мында коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт өзгөрүүсүз калат. Токтогул көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин батышты өздөй бир тараптуу болот. Киев көчөсү - Жаш Гвардия бульварынан Абдырахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болуп, коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт сакталат. Бөкөнбаев көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир багыттуу болот.


«Бир тараптуу багыт киргизилгенден кийин Чүй проспектисинде кечинде жол кыймылына коюлган чектөө алынат»,-деп белгиледи Геннадий Милицкий.


Азыркы учурда Шабдан Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине айланма кыймыл уюштурулду, ошондой эле, Чортеков – Айни – Муромский – Кривоносов көчөлөрүнө кыймыл уюштуруу пландаштырылууда.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы  Бишкек шаарынын ИИББ ЖКК жайгашуусуна ылайык азыркы учурда Шабдан Баатыр – Ахунбаев жана Чортеков – Айни – Муромский – Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишине айланма кыймылын уюштуруу үчүн керектүү жол белгилерин орнотууда. Ошондой эле, мектеп жана бала бакчалардын алдына жаӊы сары боёктор менен жол белгилерин түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Аталган пресс-конференцияга Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров, Бишкек шаарынын ИИББ ЖКК башчысынын орун басары Нурбек Молдогазиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыкаон, КР ИИМ АМЭБ жетектөөчү адиси Олег Калинин катышты.