ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы имараттарды жарыктандырууда жаӊы технологияны колдонууну пландаштырууда

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан имараттардын маӊдайларын жарыктандыруу үчүн сызыктык светодиоддук прожекторлорду орнотууну пландаштырууда.

Жарыктандыруу татаал түстүү эффектилерди алууга мүмкүнчүлүк берет жана тейлөө жагынан тейлөө жагынан жана ошондой эле, электр энергияны үнөмдөөгө алып келет.


Түстүү динамика DMX  башкаруу тутумунун жардамы  аркылуу камсыз кылынат. Ал эми жарыктандыруунун түсүн тандоо мүмкүнчүлүгү боробордук аянттан адаттан тышкаркы  түрлөрдү жана сөлөкөттөрдү жаратат.


Тапшырылган программага ылайык жарыктандыруунун түзүлүшү, жарык берүүнүн түстөрү керектүү кезеги менен алмашат.


Жарыктандыруу тутумун башкаруу алыстан жана стационардык кылса болот. Андан тышкары, мындай жарыктандыруу системасынын сырткы катмары (корпусу), жогорку дэӊгээлдеги коргоонусу менен айырмаланып турат.


Ошондой эле, колдонула турган жаӊы технологияны ар кандай аба ырайынын шарттарында колдонууга мүмкүнчүлүгүн түзөт. Тагыраак айтканда, -50 дөн +50гө С° чейин.


Ал эми сыналуучу иштери ийгиликтүү өттү. Азыркы учурда жарыктандыруу проектинин иш-чаралары аягына чыгып,  керектүү сметасы түзүлүп жатат.