ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы таза суу камдап алууну суранат

«Бишкексууканал» башкармалыгы 13-октябрда саат 9:00 дөн 18:00го чейин калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотуларын билдирет.

«Батыш - 2» суу алгычынын ондоо-профилактикалык иштерин өткөрүүгө байланыштуу төмөнкү даректерде таза суу чектетилет: темир жолдун сызыгы,  Фучик көчөсү, М.Фрунзе көчөсү жана Манас проспектиси. Анын ичинде: Бишкек шаарынын Улуттук банкы, «Кыял», «Ош базары» ЖЧКсы, «Берекет» ЖАК, «Берекет-Гранд», «Берекет» соода комплекси, «берекет-Универсал» соода комплекси, «Арпа» ААК, №2 клиникалык төрөт үйү, «Кондитердик комбинат» АК, №№8, 22, 72, 164,  165, 167 бала бакчалар, К.Акиев көчөсү 51 боюнча №73 бала бакча, №3 «Балдарды коргоо борбору» бала бакчасы, Илимдер академиясы, №№9, 13, 31, 8, 2 мектептеринде, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Кыргызстандын Эл аралык университети, Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы, №1 Шаардык клиникалык ооруканасы, АС-4 ӨКМБ (Аскердик бөлүк Өрткө каршы кызматынын мамлекеттик башкармалыгы), Ленин райондук администрациясы, Бишкек этконсервдик комбинат, Бишкекборкомбинат, Батыш РЭТ, Жаш Гвардия бульвары №59 Республикалык райдиотелеборбору, Чүй проспектиси, Фучика көчөсү боюнча Жогорку медицина мектеби, Ленин райондук соту, №100 лицейи, Бишкекбашкыархитектура, Бөкөнбаев көчөсү боюнча Мамлекеттик тил жана Кыргыз энциклопедиясы  боюнча улуттук комиссия.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суу камдап алууну суранат.