ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Жыл мугалими - 2015» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Бишкекте  А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 9-октябрда  «Жыл мугалими - 2015» республикалык сынагынын жеӊүүчүлөрүн куттуктоо аземи өткөрүлдү.

Республикалык сынак төрт номинацияда өттү: «Мыкты мугалим», «Мыкты бала бакча», «Мыкты инновациялык мектеп» жана «Мыкты айылдык мектеп».


Аталган сынактын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын эки билим берүү уюму биринчи орундарга татыктуу болду.  №82 мектепке чейинки билим берүү уюму «Мыкты бала бакча» номинациясына ээ болду жана ага 70 миӊ сомдун тастыктамасы тапшырылды. Ал эми  И.В.Панфилов атындагы №6  мектеп-гимназиясы «Мыкты инновациялык мектеп» номинациясы ээ болгондугу үчүн интерактивдүү такта, проектор жана көп функционалдуу түзмөктөрдүн тастыктамасы тапшырылды.


Сынак райондук жана областтук тандоо турларынан  өтүп, бир нече этап менен өткөрүлдү.


Белгилей кетсек, бул жылы алтынчы республикалык сынакка областтык этаптын 70 жеӊүүчү мугалими катышты.


Иш-чарага КР Илим жана билим министри Эльвира Сариева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жана Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери катышты.