Санэкоинспекция ТЭШ жана үй комитеттерине текшерүү жүргүздү
- Подробности
- Опубликовано 08.10.2015 14:08
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө ТЭШ, үй башкармалыктар, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагаларынын шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында 9 турак-жай ээлеринин шериктештигине аныкталган бузууларды четтетүү эскертүүсү берилди. Булар: Абдрахманов көчөсү №101 «Жанаша», «Чыгыш - 5» кичи району №14, Герцен көчөсү №6, Сүйүнбаев көчөсү №125, Ауэзов көчөсү №3 «Айбол», «Көк-Жар» к/р №18 «Кенендик», «Улан - 2» к/р. 2/12 «Тейлөө Жардам», 10 кичирайону №17/1 «Түштүк квартал», «Көк-Жар» к/р. №19 «Дом и набережной» ТЭШ, Чүй проспектиси №273 «Заводская» ТЭШ, Жибек-Жолу проспектиси №413 «Акылдаш» ЖЧКсы, П.Лумумбы көчөсү №141а «Кубан 3а» турак ээлеринин шериктештиги.
Ошондой эле, үй башкармалыктардын төрагаларына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча 4 протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кийинки кароосуна жиберилди: Москва көчөсү №189 - «Ос Жит Багуу», Тимирязев көчөсү №65 - «Геолог», Раззаков көчөсү №100 «Биздин жалпы үй» ТЭШ, Сүйүнбаев көчөсү №142 «Жанаша».
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |