ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу» МИ Орозбеков көчөсүндөгү эски бактарды кыйууда

«Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы 7-октябрда Орозбеков көчөсү боюнча Токтогул көчөсү жана Киев көчөлөрүндө эски бактарды кыйуу иштерин жүргүзүүдө.

Аталган жерде жолду капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, капиталдык оӊдоо менен жаӊы тротуарлар жана ирригация тутуму алмаштырылып, орнотулат.


Азыркы учурда «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарына коркунунч жараткан эски бактарды: 4 жаӊгак түркүмү, 6-кара жыгач, 2 терек жана 1 тыт багы кыйды.


Жакын арада Орозбеков көчөсүндөгү эски бактарды кыйуу үчүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүн  жабуу пландалууда.


«Жашылдандыруу» МИсы тарабынан Орозбеков көчөсүнө жаӊы бак-дарактарды отургузуу иштелүүдө.