ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чараларды улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгында бөлүмдөр арасында “Кыргыз тили-достуктун тили” деген темада сынак  жарыяланып, ар бир бөлүмдөн мамлекеттик тилде бирден номер (обондуу ыр, макал, жаңылмач, көркөм окуу, комузда күү аткаруу, манас айтуу, санжыра ж.б.) сынак өткөрүлдү.

Сынакка бардык бөлүмдөр активдүү катышышты жана жыйынтыгында калыстар тарабынан 1-орунга Өндүрүштү долбоордук жана инженердик даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Ермакова Наталья Григорьевна “Ак кайың” аттуу ырды жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн, 2-орунга Турак жай куруу бөлүмүнүн башкы адиси Озубекова Роза Сабыровна “Кыргыз калкым” аттуу ырды жана эне тилге арналган ыр саптарын көркөм окуп, жаштарды мекенчилдикке, эне тилин сүйүүгө чакыргандыгы менен, ал эми 3-орунга Капиталдык курулуш жана реконструкция боюнча техкөзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси Касымов Актан Нурдинович жана ушул бөлүмдүн адиси Турдуев Адилет Орозмаматович “Кыргыз тили” аттуу ыр саптарын көркөм, таасирдүү айтып бергендиги үчүн ээ болушту. Жыйынтыгында аталган үч орундун ээлерине Мактоо баракчалары тапшырылды.