ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы 15-октябрдан баштап борбордук көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл болорун эскертет

2015-жылдын 15-октябрнан тарта калаанын төрт көчөсүндө бир тараптуу кыймылды киргизүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы бир багыттуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө каттарын билдирет:


Москва көчөсү — Жаш гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир багыттуу болот. Мында коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт өзгөрүүсүз калат;


Токтогул көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин батышты өздөй бир тараптуу болот;


Киев көчөсү - Жаш Гвардия бульварынан Абдырахманов көчөсүнө чейин чыгышты карай бир тараптуу болуп, коомдук унаа үчүн эки тараптуу багыт сакталат;

Бөкөнбаев көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты карай бир багыттуу болот.


Бир тараптуу багыт киргизилгенден кийин Чүй проспектисинде кечинде жол кыймылына коюлган чектөө алынат.