ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгы 8-октябрда саат 9:00дон 18:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу токтотуларын билдирет.

«Түштүк-батыш» жана «Гагарин» суу тосмолорун оӊдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу таза суу төмөнкү даректерде чектетилет: Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүндө жана «Ак-Өргө» конушунда. Анын ичинде: жер бөлүштүрүү институту, №25,55 орто мектеби, Ленин районунун аскердик комиссариаты, №5 мончо, Гагарин көчөсү боюнча «Бишкекжылуулукэнергонун» от казаны, «Кока-Кола» ЖЧКсы, «Яшар» ЖЧКсы.


«Кыргызконьягы» ЖЧКсы, «Комбинат» ЖЧКсы, «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКсы, «Лина» фирмасында суу басымы төмөндөтүлөт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчун шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суу камдап алууну суранат.