Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктады
- Подробности
- Опубликовано 06.10.2015 17:52
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу жана текшерүү иштерин жүргүзөт.
СЭИ инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө А.Токомбаев көчөсү №27/1 дарегинде жайгашкан техникалык тейлөө станциясынын кызматкерлери санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүү иштерин бузушкандыгы аныкталды. Имараттын түндүк-чыгыш тарабына таштандылар чогултулган.
«Соӊ-Көл» ресторанынын айланасына (Шабдан Баатыр №1д) кызматкерлери тарабынан белгиленбеген жерге курулуш таштандылары ташталгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан СТОнун ижарачысы Жанабиров А. жана «Соӊ-Көл» ресторанынын администраторунун атына кемчиликтерди четтетүү эскертүүсү берилди. Эскертүүнү аткарууга эки күн убакыт берилди.
Маселе Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын көзөмөлүндө турат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |