ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 2-октябрдан 12-октябрга чейин балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты өткөрүлөт

2015-жылдын 3-октябрда саат 13:30да JannatRegencyBishkek отелинде 20 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча Ачык Азия Чемпионаты өткөрүлдү.
Мелдеш «ФИДЕ» Эл аралык Федерациясынын расмий календарына кирет жана шахматчылар арасындагы эӊ маанилүү турнирлердин бири.

Чемпионатка бул жылы 8 өлкөдөн 40 шахматчы катышат.


Шахматтык фестивалдын жүрүшүндө Бишкекте балдар жана кыздар арасында стандарттык шахмат боюнча Азия Чемпионатын гана аныктабастан, тез шахмат боюнча да мелдеш өткөрүлөт. 2015-жылдын 5 жана 8-октябрда жеӊүүчүлөрдүн ысымдары аныкталат.

Чемпионат 9 турдан турат. Ар бир тур 15:00до башталат. 5 жана 8-октябрда блиц жана тез шахмат боюнча мелдеш өткөрүлөт, жолугушуулар 10:00 до башталат. Түшкү тамактануудан кийин 16:00до блиц жана тех шахмат боюнча шахматтык мелдештер улантылат. Чемпионаттын түз алып көрсөтүүлөр www.asianchess20-2015.com. расмий сайтынан көрүүгө болот. Турлардын жыйынтыктары, сүрөттөр жана интервьюлар дагы расмий сайтта жайгаштырылат.