Урматтуу Бишкектиктер! Айыл-чарба жарманкесине шашылыӊыздар
- Подробности
- Опубликовано 02.10.2015 14:38
Калаада бул демалыш күндөрү, 3-4-октябрда айыл-чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлөт.
Чүй областынын бардык фермерлери экологиялык таза, айыл-чарба азыктарын тартуулайт. Азыктар ортомчуларсыз сатылат.
Жарманкеде азыктардын түрлөрү, жер жемиштер, эт, ун жана башка азыктар жеткиликтүү баада сатылат.
Айыл-чарба азыктарынын жарманкелери Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары тарабынан уюштурулуп, төмөнкү даректерде өткөрүлүүдө:
Октябрь районунда – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Ленин районунда – «Жал» кичи району жана Айни-Чапаева көчөлөрүнүн кесилиштери;
Свердлов районунда – Салиева – Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиши;
Биринчи май районунда – Шопоков көчөсү Фрунзе жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн арасы.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |