ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек КР ЖК шайлоого даярданууда

2014-жылдын 20-октябрдан 2015-жылдын 18-сентябрга чейин Бишкек шаарында 16 жаштан жогорку жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана тапшыруу иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгы боюча Бишкек шаарында биометрикалык маалыматтарды 534 миӊ 872 адам тапшырды. Ошондой эле, 288 999 шайлоочу шаарга катталган жана 2015-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында добуш бере алышат.


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бардык участкалык шайлоо комиссиялары материалдык – техникалык жабдуулар боюнча иштер жүргүзулдү. КРӨ караштуу МКК менен биргеликте шайлоо участкаларынын 1463 операторлоруна/ассистенттерине жана IT-адистери үчүн окутуулар уюштурулуп, өткөрүлдү.


Шайлоочулардын идентификациясы үчүн жабдууларды сактоо жана коргоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын ИИББ менен биргеликте коомдук-саясий коопсуздукту сактоо маселесин иштеп чыкты.

Мындан тышкары, калаанын төрт районунда райондук штабдар түзүлдү.


204 негизги шайлоо участкалары ачылды. Ошондой эле, Кыргызстандын башка региондорунан келген жарандарга ыӊгайлуу болуусу үчүн 39 кошумча шайлоо участкалары ачылды. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча кошумча шайлоо участкаларына 79 195 шайлоочу катталган.