ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри шайлоодо добуш берди

2015-жылдын 4-октябрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өзүнүн жарандык милдетин аткарып, №1219 шайлоо участогунда КР Жогорку Кеӊешине шайлоого добуш берди.

Муниципалитет башчысы Бишкек шаары боюнча участкалык шайлоо комиссиялары убагында ачылгандыгын билдирди. Калаада жалпысынан 243 участка, анын ичинде 204 негизги, 39 кошумча УШК иштеп жатат. Комиссиянын иштерин 772 жабдуулардын комплекти камсыздоодо. 1242 оператор ишке тартылган жана электрондук урнанын жалпы саны 450 даананы түзөт.


Эртеӊ мененки 10:00го шайлоочулардын санынын 5,8% добуш берди. Биометрикалык маалыматтарды тапшырган шаардыктардын жалпы саны 368 194 адамды түзөт.


Мэрияда ыкчам шаардык штаб иштөөдө. Шайлоо процессинде пайда болгон кандайдыр бир маселелер боюнча (312)61-01-70 номуруна кайрылса болот.


Участкалык шайлоо комиссиялары кечки 20:00го чейин иштейт.