ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы 2015-2016 күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2015-2016 жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүп баштагандыгын билдирет.

Кыш-күз мезгилине карата болгон иш-чарасы, 1 - ноябрдан баштап 1 - мартка чейин белгиленет. Эгерде, аба ырайы кокустан өзгөрүлүп кетсе (кар же болбосо суук түшүп  кеткен учурларда), анда көчөлөрдү кардан тазалоо иштеринин башталышы жана бүтүү мөөнөттөрү  Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгы жана Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздук кызматы тарабынан такталат.  


Шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери 43 даана атайын автоунаасынын жардамы менен өткөрүлөт.  Анын ичинен, 16 даана «МАЗ КО-806» кардан тазалоо унаасы, 2 «ЗИЛ-130 КДМ» кардан тазалоо унаасы, 4 даана грейфердик жүктөгүч, 15 даана «САЗ-53» жана «ЗИЛ-130» жук ташуучу самосвалдары, андан тышкары 5 «Беларус» жана Т-25 тракторлору.


Ошондой эле, тротуарларды жана аялдамаларды кардан тазалоо иштерин  590 кишинин жана 103 жук ташуучу жумушчулардын күчү  менен аткарылат. Ал эми, 24.05.2015 жылга инертуу материалдарынын калдыктары  борбордук базада 1100 тонна кум жана 43 тонна  туз түзөт.


Келе жаткан куз-кыш мезгилине карата кумдун 7500 тоннасы жана туздун 550 тоннасы керектелүүсү күтүлүүдө.


Азыркы учурда, инерттик материалдарын сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү  жана тендердин жеӊүүчүсү аныкталды.  Андан тышкары, техникалык туздун жана анын жеткирүү иштери, тендердин жеӊүүчүсү  тарабынан өткөрүлүп  жатат.


Ушул айдын биринчи декадасында, кумдун жеткирилүүсү  боюнча тендердин жеӊүүчүсү  белгиленет жана аны менен келишим түзүү иштери жүргүзүлөт.