Ленин райондук администрациясы райондун узак жашаган карыларын Эл аралык карылар күнү менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 30.09.2015 17:32
Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан райондун узак жашаган 1913-жылы туулган Жумабаева Күлүмбүнү жана 1915-жылы туулган Алишев Насырды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.
Карыларга бир жолку 5 миӊ сом өлчмүндөгү материалдык жардам жана азык-түлүктөр белек кылынды.
Азыркы учурда Насыр Алишев Социалдык өнүктүү башкармалыгынын каттоосунда турат жана ай сайын 7 миӊ сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 6 миӊ сом өмүр бою ала турган стипендия берилет.
Билдирүү: Алишев Насыр Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылдан 1945-жылдын октябрга чейин запастык полктун курамында согуштук жолун өтөгөн. Кенигсбергди (азыркы Калининград) бошотууга катышкан.
Согуштагы эмгектери үчүн «Германияны жеӊгендиги үчүн» медалы жана Ата-Мекендик согуштун 1 даражадагы ордени менен сыйланган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |