ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада адистештирилген бала бакчанын ачылышы өттү

Калаанын Октябрь районунда 30-сентябрда сүйлөөсү бузулган балдар үчүн №85 адистештирилген бала бакчанын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Адистештирилген мектепке чейинки мекеме 3 жаштан 7 жашка чейин 280 балага, 12 тайпага ылайкташтырылган.


Куттуктоо сөзүндө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мурда бул имарат баштапкы мектеп экендигин жана мэрия адистештирилген бала бакчанын имаратына кайрадан оӊдоп чыккандыгын белгиледи.


«Акыркы жылы Ленин районунун №43 бала бакчада үч тайпа ачылды, жылдын аягында Биринчи май районунун №78 бала бакчасында иштер жүргүзүлөт. Биздин планда мектепке чейинки мекемелерди куруу, оӊдоо каралууда»,-деди муниципалитет башчысы.

Ошондой эле, тарбячы мугалим – бул ар бир балага жеке мамиле кылуучу, мүнөзүн калыптандыруучу кесип экендигин белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен имаратты капиталдык-калыбына келтирүүчү оӊдоо жүргүзүүгө Капиталдык курулуш  башкармалыгы 16 млн 390 миӊ сом каражат бөлүп, оӊдоо иштерин жүргүздү.


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Айгүл Рыскулова жана бакытбек Дюшембиев, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, ошондой эле, Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Маалымат: Азыркы учурда Бишкекте 79 мектепке чейинки уюм иштейт. 2015-жылдын 1-октябрна мектепке чейинки уюмдарда 29 миӊ бала тарбияланат.