Бишкек шаарынын мэриясы whatsapp колдонмосунун жардамы менен аткарылган иштер жөнүндө билдирет
- Подробности
- Опубликовано 30.09.2015 14:33
Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 2-сентябрдан 29-сентябрга чейин райондук администрациялардын акимдеринин орун басарларынын whatsapp колдонмосуна таштандынын чыгарылбагандыгы тууралуу 716 арыз келип түшкөндүгүн билдирет.
Ленин районунун акиминин орун басарынын телефонуна 163 кайрылуу келип түшкөн. Алардын аткарылганы 92 кайрылуу, 5 кайрылуу иштелүүдө, 19 кайрылуу «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» мекемелерине, ошондой эле, райондун МАБдарына жиберилди. 19 кайрылуу башка райондордун даректерин жөнөтүлдү.
Октябрь району боюнча 421 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен: 374 кайрылуу аткарылды, 30 арыз учурда иштелүүдө, 17 кайрылуу башка райондорго жөнөтүлдү.
Свердлов районуна 88 кайрылуу келип түшкөн, аткарылганы 73 кайрылуу, 2 тургун райондорду алмаштырып алышкан,13 арыз учурда иштелүүдө.
Биринчи май райондук администрациясына 54 кайрылуу келип түшкөн, алардын бардыгы аткарылды, 3 кайрылуу башка райондордун даректерине жөнөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан чыгарылбаган таштандылар боюнча төмөндөгү номерлерге кайрылууларын суранат:
Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0556 25-05-82;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0777 55-22-11;
Омукеев Акматалы Абдымаликович (Биринчи май району) — 0771 57-71-82;
Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0773 56-73-70.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |