ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 1-октябрда саат 9:00 дон 15:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

«Тоголок Молдо» суу алгычынын оӊоо-профилактикалык иштерине байланыштуу төмөнкү райондордо ичүүчү суу чектетилет: Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү, Логвиненко көчөсү жана темир жол сызыгы. Анын ичинде: «Кожомкул атындагы спорттук-маданий борбор», Бишкек шаардык техникалык коледж, №3дирекция, «КазКоммерцБанк», тез жардам станциясы, №1 стомотологиялык поликлиникасы,борбордук сүйлөшүү пункту, Мамлекеттик салык инспекциясы, «Бета Иншаат-Ятырымжалык» ЖТАК, улуттук кардиология борбору, Улуттук госпиталь, «Промпроект» ААК, ардагерлер поликлиникасы, №70 мектеп-гимназиясы, Россия элчилиги, Керимбекова көчөсү, 51 №47 бала бакча, Манас көчөсү, 9/1 дареги боюнча №184 бала бакча, Исанов – Бөкөнбаев көчөсү боюнча №155 бала бакча.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алуусун суранат.