Биринчи май акимиаты Эл аралык карылар күнүн майрамдоодо
- Подробности
- Опубликовано 30.09.2015 12:13
Мамлекеттик тарых музейинде Биринчи май райондук администрациясы райондун карыларынын урматына майрамдык иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага жалпысынан райондун 200 ашык улуу муунунун өкүлү келди. Район башчысы Аскербек Алиев чакырылгандарга 1 мин сомдон материалдык жардам жана баалуу белектерди тапшырды. Анын ичинде 60 жыл жана андан ашык чогуу жашаган 35 жубайга 1 мин сомдон берилди. Чакырылгандар үчүн майрамдык концерт тартууланды.
Ошондой эле, Эл аралык карылар күнүнүн алкагында үй-интернатынын тургундарына 20 мин сом материалды жардам көрсөтүлдү, жүз жашка чыккан 4 узак жашоочуга 3 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана баалуу белектер тапшырылды.
Карыларга материалдык жардам көрсөтүүгө райондун бюджетинен 567 миӊ сом каражат бөлүндү.
Биринчи май районунун аймагында 26-сентябрдан 26-октябрга чейин Эл аралык карылар күнүнүн бир айлыгы жарыяланды. Айлыктын алкагында карылар үчүн акысыз мончолор, чач тарач кызматы жана кайрымдуулук түшкү тамактануулар уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |