ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда Эл аралык карылар күнү белгиленүүдө

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов «Кылымдын курдашы» акциясынын алкагында Октябрь районунун эӊ курактуу жашоочулары бул жылы 104 жашка чыккан 1911-жылы туулган Соколова Анна Григорьевнанын жана 101 жашка толгон 1914-жылы туулган Овчарова Мария Алексеевнанын акыбалын сурады.

Район башчысы келе жаткан Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Аталган карылар райондун ардактуу жана сыймыктуу жашоочулары экендигин белгиледи. Ошондой эле, гүл, 5 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардам жана атайын белектерди тапшырды.


Мындан тышкары, админитсрация жана Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы райондун катоосунда турган карыларга кам көрөт. Октябрь районунун аймагындагы ЖОЖдордун студенттерин менен «Таза үй» акциясы өткөрүлүп турат. Аталган акцияда карылардын үйлөрүн жана батирлерин тазалоо жүргүзүлүп, жардамдар көрсөтүлөт. Медициналык мекемелер менен биргеликте акысыз медициналык текшерүү жана дарылоо жүргүзүлөт.