ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Тунгуч кичи районунда жаӊы үйдүн салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү

Тунгуч кичи районунда 117-кварталдык турак үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов социалдык- үлүштүк курулуш программасына катышкан жашоочуларга ачкычтарды тапшырды.


«Бүгүн биз жаӊы батирлердин ачкычтарын тапшырып жатабыз. Мындай жышаан – биздин шаардын социалдык тармагын өнүктүрүүдө маанилүү. Турак-жай курулушту жана коомдук инфраструктураны өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө эӊ маанилүү»,-деди калаа башчысы.


Үйдүн курулушу 2010-жылы башталган. 117 батирдан: 90 – бир бөлмөлүү, 18 – эки бөлмөлүү жана 9 – үч бөлмөлүү. Бөдрөтчү Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.


Үй техникалык даярдыгына чейин курулат. Ал эми ички жасалгаларын жашоочулар өздөрү жасалгалайт.


Үйдүн жалпы наркынын 40% шаардык бюджеттен, калган 60 % үйдүн жашоочулары 5 жылдын ичинде төлөшөт. Башкы бөдрөтчү – «УКС» ЖЧК «Азат» ҮКК ААК.