ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаардыктарды жана шаар конокторун айыл-чарба азыктарынын жармаӊкесине чакырат

Калаада 26-27-сентябрда айыл-чарба азыктарынын  жармаӊкеси өткөрүлөт.

Шаар тургундары үчүн кышкыга азыктарды сатып алуу,  ал эми, айыл чарба мекемелерине, фермердик чарбачылык ээлерине жана  бакчыларга өздөрүнүн өндүрүмдөрүн сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.


Чүй облусунун ондогон өндүрүүчүлөрү жемиштерди, жашылчаларды, бал, сүт жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатышууда. Бардык азыктар жаӊы жана түз талаадан алынып келинген.


Жармаӊкенин уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын аппарат кызматкерлери.


Айыл-чарба азыктарынын жармаӊкелери төмөнкү даректерде  саат 7:00 дөн 15:00 го чейин ар дем алыш күндөрү өтүүдө:


Октябрь районунда – Асанбай кичи району, Нуркамал жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштери;
Ленин районунда – «Жал» кичи району жана Айны – Бакаев көчөлөрүнүн кесилиштери;
Свердлов району – Салиева – Ауэзов көчөлөрүнүн кесилиштери;
Биринчи май районунда – Эски аянт, Абдымомунов – Раззаков көчөлөрүнүн кесилиштери.