ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Ачык асман астындагы китепкана» акциясы өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясы Бишкек шаардык  борборлоштурулган китепканалар тармагы (БШБКТ) менен  биргеликте Т.Молдо сейил багынын аймагында «Ачык асман астындагы китепкана» акциясын өткөрдү.

Акциянын алкагында китептер көргөзмөсү уюштурулду. Бишкек шаарынын китепканалары жөнүндө буклеттер таратылды. Жаӊы адабияттардын жана спорттук оюндардын бет ачары өткөрүлдү. Иш-чара Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын бийлери жана концерттик номерлери менен коштолду.


Аталган акция балдарды китепти кызыгып окуу үчүн китепканага тартуу, көркөм окууга тартуу максатында окуучуларга майрамдык маанай түзүү менен эс алуу убактыларында китеп окуп, жомок айтып берүү, китептердин тарыхын кенен билүүгө кызыгууну жаратуу максатында өткөрүлдү.


Чакырылган балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды.