ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын балдарына дагы бир балдар аянтчасы белек кылынды

Свердлов районунун Айтматов көчөсү №74 дарегинин короосунда жаӊы балдар аянтчасынын ачылышы өткөрүлдү.

Балдар оюн аянтчасынын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева, Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары Алмаз Кененбаев жана Адиса Имангазиева, райондун МАБдарынын өкүлдөрү катышты.


Аталган балдар аянтчасы  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин бөлгөн каражатка курулду.


Пландалган 12 балдар аянтчасынын бардыгы  курулуп, эксплуатацияга берилди.