ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Тазабиш» жана «FSC-жума» акциясынын алкагында ишембилик өткөрүлдү

Бишкекте 26-сентябрда «ТазаБИШ» жана «FSC-жума» эки экологиялык акциянын алкагында жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Акциянын максаты коомчулукту экология көйгөйүнө, токойлорду коргоого жана экологиялык иш-чараларды өткөрүүгө тартуу.


Ишембиликтин алкагында Токтоналиев, Түштүк магистрал көчөлөрүнүн кесилиши таштандылардан тазаланды, ошондой эле, жолдун жээгине көчөттөр отургузулду.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева катышты.


"ТазаБИШ"  акциясы  «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун  «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.


Ишембиликке студенттер, коомдук экологиялык уюмдардын жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышты. Ошондой эле, «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын техникалары тартылды.