ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиатында участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрүлүүдө

Октябрь райондук администрациясында райондун участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү үчүн жаӊы автоматтык эсептөөчү урналар менен иштөө боюнча  үч күндүк семинар өткөрүлүүдө.

Окутуу семинарында райондун ар бир шайлоо участкаларынан экиден өкүл катышып, урналарды скандоо менен иштөөнү үйрөнүшүүдө.


Семанар Кореянын адистеринен үйрөнүшкөн Борбордук жана аймактык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүүдө.


Кореялык өндүрүштүн автоматтык эсептөөчү урналардын эӊ башкы өзгөчөлүгүнүн бири скандоо механизми болуп саналат.


Урналарда сенсордук дисплейлер бар жана кыргызча, орусча эки тилде кызмат кылат. Комплектиде урналар бир нече саат автономдук режимде иштөөсү үчүн атайын генераторлор бар. Алдыдагы парламенттик шайлоодо биринчи жолу автоматтык эсептөөчү урналар колдонулат.