ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны ѳчүрѳ албайт тарыхтан» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жѳнүндѳ» Мыйзамын аткаруу боюнча 23-сентябрь Эне тил күнүнѳ карата «Манас» этнографиялык айылында «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны ѳчүрѳ албайт тарыхтан»- аттуу иш-чара ѳткѳрүлдү.

Иш-чара кыргыз тилин ѳнүктүрүү максатында уюштурулуп, Департаменттин кызматкерлеринин арасында эки топтогу команда менен макал-лакап, жанылмач, ыр жана «Манас» айтуу боюнча жарышуу оюндары жүргүзүлдү, ошондой эле, «Эгер тилим жоголоору чын болсо, анда жакшы бүгүн ѳлүп калганым»- аттуу ураан менен эне тилибизди данктап, ѳнүктүрүп урпактан-урпактарга жеткирүү максатында уюштурулду.