ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясында 23-сентябрда шаардык муниципалитеттин жетекчилиги парламенттик шайлоого катыша турган Кыргызстандын саясий партияларынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 14 саясий партиялардын үгүт материалдарын шаардык муниципалитеттин графигине ылайыкташтыруу маселеси талкууланды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов партиялардын өкүлдөрүнө үгүт материалдарын жайылтууда мыйзамдын нормаларын сактоону жана шайлоодон кийин ар бир партия үгүт материалдарын алууну, тазалоону эскертти.


Ошондой эле, калаа башчысы  «Физкультурный» сейил багында жамгырга байланыштуу болбой калган ишембиликти шайлоодон кийин өткөрүүнү сунуштады.