ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада айт намазы окулду

Калаанын Эски аянтында он миӊдеген мусулмандар чогулуп, айт намаз окулду.

Мусулмандарды Ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов келишти. Ошондой эле, айт намазга өкмөттүн өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.


«Ыйык Курман айт ынтымакты, биримдикти, боорукерликти жана жакшылыкты алып келсин»,-деди калаа башчысы.


Намаз Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигинде окулду.


Курман айт «курбан» деген сөздөн жакындоо дегенди түшүндүрөт. Бул майрам мусулмандар үчүн эӊ маанилүү майрамдардын бири. Анын мааниси адамдарды бири-бирине жакындатуу жана достук, туугандык мамилени бекемдөө.