ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын жаӊы конуштарына газдаштыруу программасын баштоо салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү

Программаны ишке ашыруу «Керемет» жана  «Касым» жаӊы конуштарында башталат.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, газдаштыруу – бул масштабдуу социалдык долбоор. Жакынкы аралыкта 300  километр газ түтүгү төшөлүп, Бишкектин 22 конушу газдаштырылат. Жаратылыш газы 30 миӊ үйгө өткөрүлөт.


«Бул программа «Керемет» жана «Касым» конуштарында ишке ашырылып,  масштабдык реконструкция жана модернизациялоо жүргүзүлөт. Узундугу 3,1 км газ түтүгүн тартуу менен,  1 миӊ 200 адам жашаган «Керемет» конушунда 250 үй келечекте жаратылыш газы менен камсыз болот. Ал эми, газдаштыруу «Касым» конушунун 900 адамын, башкача айтканда 190 турак үйүн жаратылыш газын колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт», -деди өз сөзүндө Кубанычбек Кулматов.


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана «Газпром нефть Азия» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев катышты.


Маалымат: 2015-жылдын 10-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясы КР премьер-министринин конуштарды газдаштыруу боюнча протоколдук тапшырмасын аткарууда жумушчу топ түзгөн.


Калаанын газ түтүктөрүнө жакын 22 конушу аныкталды. Биринчи этапта 9 жаӊв конуш тандалып, КР Энергетика жана өтдүрминистрлигине кат жөнөтүлдү. Бишкек башкы архитектура башкармалыгы 9 конушка газдаштыруу схемасын иштеп чыкты. Райондук администрациялардын кызматкерлери кварталдык комитеттердин өкүлдөрү менен биргеликте конуштардын короолорун текшерүү жүргүзүүдө.