ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия антитеррористтик операцияда жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөттү

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев антитеррористтик операцияда жабыр тарткандар менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө район башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Шоруков жана Темиров көчөлөрүндө жашаган 5 жабырлануучуга жалпы суммасы 3 млн. 200 миӊ сом өлчөмүндөгү акча тапшырды.


Тактама: 2015-жылдын 16-июлунда саат 17:30да Шооруков №11а, Шооруков №11, Шооруков №13 жана Темиров №12, Темиров №12/1 даректериндеги үйлөрдө террористтик уюмдун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча операция өткөн. Анын кесепетинен улам үйлөр өрттөнүп кеткен.


Билдирүүнү алгандан кийин райондук администрациянын жетекчилиги окуя катталган жерге барып, акт түзүлгөн. Комиссиянын курамында Биринчи май районунун Социялдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, СӨБнын башкы адиси, райондук ӨКМдин башкы адиси, №12 МАБдын башчысынын орун басары.


Өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн райадминистрация тарабынан эки жолу ысык тамак уюштурулду. Аларга жалпы суммасы 150 миң сом жардам көрсөтүлдү.