ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Бишкекте 21-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы уюштурган 23-сентябрь – Мамлеттик тил күнүнө арналган “Улут болсоң - тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев 23-сентябрь – Мамлеттик тил күнү менен куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын атынан белектерди тапшырды.

«Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили. Бүгүн эне тилин жоготкон эл, эртең элдүүлүгүн жоготот. Элдүүлүгүн жоготкон элде эч качан мамлекеттүүлүк деген түшүнүк болбойт. Башка элдерге сиңип жок болуп кетет. Ошон үчүн мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, анын коомдук турмушта колдонулушуна салым кошолу»,-деп куттуктады аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Аким уулу Медербек, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов, райондук администрация башчыларынын орун басарлары, мектеп мугалимдери катышты.

Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.