ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет

2015-жылдын 21-сентябрнан 25-сентябрга чейин Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти «Өзүӊдүн кан басымыӊды бил»  аттуу маалыматтык-билим берүүчү акциясын өткөрөт.

Акция жыл сайын 25-сентябрда белгиленип келген «Дүйнөлүк жүрөк күнүнүн» алкагында өткөрүлөт.

 

Көпчүлүк адамдардын  жогорку артериалдык кан басымы бар жана гипертониялык оорулар менен жабыркап келишет.


Аталган акциянын негизги максаты жогорку артериалдык кан басымы бар адамдарга жогорку артериалдык кан басым көйгөйлөрү, өтүшкөн гипертониялык ооруларды алдын алуу боюнча маалыматтандыруу.


Бул күндөрү Бишкек шаарынын бардык ҮДБда, калаанын соода борборлорунда жана супермаркеттеринде   «Ачык эшик күндөрү» уюштурулат.


Бишкек шаардык Ден соолукту бекемдөө борборлору калаанын ҮДБ га керектүү маалыматтык-билим берүүчү материалдар менен камсыздайт.