ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэрия өз билемдик менен басып алгандарга мыйзамсыз курулушту түрттүрүүнү милдеттендирди

Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин кезектеги текшерүүсүндө тиешелүү уруксат документтерисиз жер тилкесин кеӊейтип алуу фактысы аныкталды.

Мыйзам бузуулар Краснодонцев көчөсү №1, ошондой эле, «Көлмө» конушу боюнча: Теӊдик көчөсү, №14 жана 12, Илим №37 жана 35, Тынчтык көчөсү №40 даректеринде аныкталды. «Бишкекбашкыархитектуранын» башкы планына ылайык аталган жерлерде өтүүчү жол болушу керек.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан «Аныкталган бузууларды чектетүү жөнүндө» эскертүүсү берилип, 6 объект боюнча түрттүрүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен: 5 дубал, 2 мончо жана 2 чарба курулушу түрттүрүлдү. Бардык жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.


Краснодонцева  №1д:

 

Тынчтык  №40:

 

Илим  №37 и 35:

 

Тендик №14 и 12: