ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Шаардык сүйлөшүүлөр» долбоорунун алкагында экинчи жолугушуу өткөрүлдү

Бишкекте «Шаардык демилгелер» фонду уюштурган «Шаардык сүйлөшүүлөр» долбоорунын алкагында  Бишкек шаарынын мэриясынын Шаарды өнүктүрүү агенттигинин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда «Кыргызстан жана Таджикистандын курулуш тармагынын өнүгүүсүнө мигранттардын которгон акчаларынын ролу» изилдөөсүнүн жыйынтыгы талкууланды.


Мигранттардын курулуш тармагына кошкон салымы зор экендигин изилдөөдө маалым болду. Көпчүлүк мигранттар чоӊ эмес батирлерди сатып алышууда. Турак жай сатып алуу – бул капиталга жакшы салым.


Аталган суроо үч тармакта каралды:


Борбор катары (Бишкек жана Душанбе) көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу;


Жаӊы конуштардын туурасынан өсүшү;


Айыл жергесинде үйлөр кандай курулат. Изилдөөдө эки өлкөдөгү курулуштардын окшоштуктары.
 
Өткөн шаардык сүйлөшүүлөр Өнүктүрүү саясат институту (DPI) жана Кыргызстан – Сорос Фонду менен биргеликте өткөрүлдү.