Бишкек шаарынын мэриясы саясий партиялардын өкүлдөрү менен биргеликте «физкультурный» сейил багында ишембилик өткөрөт
- Подробности
- Опубликовано 15.09.2015 17:11
Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылы парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын өкүлдөрү менен биргеликте «физкультурный» сейил багында жалпы ишембилик өткөрөт.
Бишкек шаарынын мэриясы 19-сентябрда саат 10.00 до Ахунбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Физкультурный» сейил багында 2015-жылы КР Жогорку Кеӊешине шайлоого катыша турган саясий партиялардын өкүлдөрү менен биргеликте ишембилик өткөрөт.
Ишембилик өткөрүү жөнүндө чечим Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда кабыл алынды.
Иш-чарага шаардык муниципалитеттин аппараты, «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери, ошондой эле, ар бир саясий партиядан 30 дан киши катышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |