ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 3 күндүн ичинде шаардык бюджетти 6 миллион сомго толтурду

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы «Түндүкэлектр» ААК жана «Бишкексууканал» башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык мүлктүн ижарасын төлөбөгөндөрдү табуу жана объектилерди электр энергиясын жана суусун өчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өчүрүүлөр муниципалдык мүлктү колдонууда карыздарды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүзүлүүдө.


Мындай чаралар мөөнөтүнөн өтүп кеткен ижара төлөмдөрүн жоюунун жолу экенин көргөздү. Үч күндүк иштин жыйынтыгында калаанын бюджетине 6 103 471,33 сом топтолду.


Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык менчиктин колдонуучуларына объектилердин электр энергиясын жана сууну өчүрүүдөн качуу үчүн дебютордук карыздарды төлөөнү суранат.