ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын салттуу күзгү жарманкеге чакырат

Октябрь райондук админстрациясы 2015-жылдын августь айынан 27-ноябрга чейин ар дем алыш күндөрү айыл чарба өндүрүш жарманкесин уюштурат.

Жарманке калаанын №12 жана «Асанбай» кичи райондорунун Нуркамал-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.


Сатып алуучулар менен сатуучуларга ыӊгайлуу болуусу үчүн контролдук таразалар орнотулган. Бардык катышуучулар жарманкедеги азыктарды сатуу боюнча белгиленген баалар менен камсыздалышат. Баалар базар баасынан 15-20%га төмөн.


Октябрь акимиатынын экономика, соода жана кызмат көрсөтүү тармагы бөлүмүнүн кызматкерлери  иш-чаранын уюштурулушун жана санитардык абалын көзөмөлдөшөт. Октябрь районунун РИИБ жана ЖКК кызматкерлери коопсуздукту  камсыздайт.

 

Жарманкеге Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас областтарынын 160 тан ашык айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышат.