ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кабар маалымат агенттигинде «Жолдор- көӊүл борборунда» айлыгынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүлдү

«Кабар» маалымат агенттигинде 14-сентябрда КРсынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте өткөрүп келген жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча «Жолдор-көӊүл борборунда» айлыгынын жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрүлдү.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кытай грантынын эсебинен Махатма Ганди, Жукеев-Пудовкин жана Ауэзов көчөлөрү оӊдолгондугун белгиледи. Жукеев-Пудовкин көчөсүн толугу менен 10-октябрга, Махатма Ганди көчөсүн – 20-октябрга жана Ауэзов көчөсүн – 31-октябрга чейин бүтүрүү пландалууда.


«КРсынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргелешкен долбоордун алкагында биз калаанын жолдорун куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүздүк. Бишкек шаарынын жолдорунун жалпы узундугу 1375 км түзөт, анын ичинен 203 км гана канааттандырарлык абалда. Калган жолдор курулушту талап кылат»,-деди калаа башчысы Кубанычбек Кулматов.


Шаардык муниципалитет башчысы республикалык бюджеттен Саманчин көчөсү боюнча  Малдыбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, Орто-Сай базарынын жанындагы Безымянной көчөсү жана Чүй проспектиси боюнча Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жолдорго кайрадан куруу жана капиталдык оӊдоолор жүргүзүлөрүн белгиледи.


Пресс-конференцияга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана КРсынын Транспорт жана коммуникациялар министри Аргымбек Малабаев катышты.