ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жаӊы конуштардын көчөлөрүн оӊдоодон кийин ачты

Борбор калаа Бишкекте 14-сентябрда «Ак-Бата» конушунун «Борбордук» көчөсү оӊдоодон кийин ачылды.

 «Ак-Бата» конушунун «Борбордук» көчөсүн реконструкциялоо жана куруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен бөдрөтчү уюм «Мост-Групп» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Аталган көчөнүн узундугу 2,5 км, туурасы 9 метр, сметалык наркы 54,7 млн.сомду түзөт.


Куруу иштери 2014-жылдын октябрь айында башталган. Жерди жумшартуу жана тегиздөө иштери жүргүзүлүп, 2 катмар асфальт төшөлдү, жол белгилери түшүрүлдү жана тротуарлар курулду. Аталган иштер коомдук транспорттун жүрүшүн жеӊилдетти.


Мындан тышкары, жолду курууда муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеӊейтип алуу фактылары аныкталды. Калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жол курууга тоскоол болгон, жолго чыгып кеткен объектилер, курулуштар ээлери тарабынан түрттүрүлдү.


«Борбордук» көчөнүн ачылышына Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана вице-мэр Бакытбек Дюшембиев катышты.