ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору 2015-жылдын 24-августунан 1-сентябрга чейин белгиленбеген жерге таштандыны таштагандыгы жана өрттөгөндүгү үчүн 8 протокол түздү.

Калаанын көрктөндүрүү жана санитардык нормаларын төмөнкү объектилер бузган:


«CyberSport» Интернет-клуб (Байтик Баатыр көчөсү,  №18);
Фаст-фуд   (Ахунбаев көчөсү,  №99);
Гараж  Волков көчөсү,  №157/1);
Жеке үй  (Снегиревский көчөсү);
К.Көлбаев атындагы Автожол техникуму ( Тынчтык проспектиси  №52);
Жеке жак  ( Чуй проспектиси №6);
 «БТА Банк» сактык кассасы  ЖАБ ( Ахунбаев көчөсү  №131-19);
«SalePoint» Дүкөнү  (Тыныстанов көчөсү  №12).


Эреже бузуучуларга протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кийинки кароосуна жиберилди.