ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Кыргызстандагы саясий партияларга кайрылуусу

Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 4-октябрда өтө турган КР Жогорку Кеӊешке шайлоого катыша турган саясий партияларга кайрылат.

Алдыдагы КР Жогорку Кеӊешине депутаттарды  шайлоого байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы, шайлоо алдындагы кампанияларды өткөрүүдө бузууларды болтурбоо максатында мыйзамдарды, нормаларды сактоону эскертет. Атап айтканда:


 «Кыргыз Республикасынын  Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоо жөнүндө» КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫНА ылайык,  27-берене. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу.


•    4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире берген жерлерге жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл бадалдарды, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

•    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоону өткөрүү алдында үгүт иштери жөнүндө токтому менен 2015-жылдын 28-июлунан Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү  боюнча Борбордук комиссиянын бекитилген токтомуна  ылайык  басылган үгүт материалдары имараттарга, курулуштарга жана башка объектилерге аталган объектилердин ээлеринин койгон шарттары менен иле (чаптап, жайгаштыра)  алышат.


•    Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери 8.27 пунктуна тиешелүү (30.062009-жылы Бишкек шаардык кеӊеши бекиткен  токтому менен):


- имараттарга, дубалдарга, аялдамаларга, шаардык коомдук транспортторго, жарыктандыруунун таянычтарына, бактарга, кандайдыр бир жаряларга жана башка маалыматтык билдирүүлөргө жайгаштырууга, чаптоого тыюу салынат;

Шаардын аймагын жана калктуу пунктардын көрктөндүрүү эрежелерин бузган учурда Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №488 беренеси боюнча  АДМИНИСТРАТИВДИК ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛАТ.


Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамдын негизинде саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүдө БИРДЕЙ ШАРТТА камсыздандырууга даяр.


Бишкек шаарынын мэриясы