ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жал кичирайонунда кытай тилин үйрөнүү менен жаӊы жалпы билим берүү мектебинин пайдубалына капсула коюу иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 3-сентябрда калаанын Жал кичирайонунда кытай тилин үйрөнүү менен жаӊы жалпы билим берүү мектебинин пайдубалына капсула коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн достук сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдөн кийин мектепти куруу мүмкүнчүлүгү болду. Мектеп Кытай Эл Республикасынын кайтарымсыз грантынын эсебинен курулат.


Иш-чараны ачып жатып Бишкек шаарынын мэри Кубанычыбек Кулматов аталган мектепте окутуулар Кыргыз Республикасынын стандарттары жана тереӊднтилген кытай тилин үйрөнүү менен окутуларын белгиледи.


«Тереӊдетилген кытай тилин үйрөтүү менен курулуп жаткан мектеп кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө салым кошот. Тил аларга тоскоолдук болбошу керек. Жакынкы аралыкта мектеп салынып, балдарыбызды бул жакка алып келебиз деген үмүттөмүн»,-деди Кубанычбек Кулматов.

Мектеп 600 адамга ылайыкталды. Бардыгы 24 класс түзүлөт: анын ичинен, 15 кадимки жана 9 атайын класстар (ремеслолук эмгек, эсептөөчү машина, музыка, көркөм искусства, физика, химия, биология)

Жалпы билим берүү мектептин долбоорунда окуу корпусу, актовый залы, баскетбол залы, ашкана, ачык стадион, эки футбол талаасы жана узундугу 100 м төрт чуркоо жолчололрунан түзүлгөн   үч кабаттуу имарат каралган.

Курулуш бүткөндөн кийин Кытай тарап керектүү окуу жабдуулары, эмеректер менен камсыздап, муниципалдык менчикке өткөрүп берет.


Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, КЭР Кыргызстандагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеӊешчиси Сунь Хэ, Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев катышты.