ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын компьютердик клубунун кызматкерлери таштандыларды башаламан таштоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан күн сайын шаардын санитардык тазалыгы, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп турат.

Кезектеги текшерүүдө Юнусалиев көчөсү, №7/1 дарегинде жайгашкан «Liqht» компьютердик клубунун айланасы имаратты оӊдоодон кийин курулуш таштандыларын Юнусалиев көчөсүнүн жээгине башаламан таштагандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан ижарачы Рысбеков К.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.