ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын Ауэзов көчөсү жол кыймылы үчүн толугу менен ачылды

Бүгүн, 20-августта Ауэзова көчөсүнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин жол кыймылы ачылды.

Эскертек кетсек, мурда Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жол кыймылы үчүн ачылган.


Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүн кайрадан куруу иштери 18-майда башталган. Аталган жерде капиталдык оӊдоо жүргүзүлүп, эки катмар асфальт төшөлдү жана жээк таштары орнотулду. Кийинки жумадан баштап тратуарларды жана унаа токтотуучу жерлерди, ошондой эле, көпүрөнү оӊдоо иштери жүргүзүлө баштайт.


Мындан тышкары, тышкы жарыктандыруу орнотулуп жатат. Азыркы учурда тендер жарыяланды. Белгилей кетсек, мурда аталган көчөдө жарыктандыруу болгон эмес.


Кайрадан куруу иштерин кытайлык «China Road» компаниясы жүргүзүүдө.