ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шайлоочуларды далдаштыруу боюнча жабдууну сыноо тестирлөө башталды

Калаада  биометрикалык маалыматтарды топтоонун негизинде шайлоочуларды далдаштыруу боюнча жабдууну сыноо тестирлөө башталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаевдин айтуусу боюнча, жабдууну текшерүү калаанын аймагында 2015-жылдын 6,7,8-августта жүргүзүлөт.


“Бардык шаар тургундары өздөрүнүн шайлоо участогуна  барып биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгын аныктай алат”,-деди Нурдин Тынаев.


Тестрилөө иши төмөнкү түрдө өткөрүлөт:


-    Шаар тургундары паспорттору менен өздөрүнүн шайлоо участогуна барат;
-    Атайын аппараттын жардамы менен  бармак тагы алынат;
-    Эгерде биометрикалык маалыматты тапшырган болсо, тапшыргандыгы тууралуу маалымат чыгат;
-    Оператор базада берилген маалыматты ички паспорт менен салыштырат;
-    Эгерде маалыматтар туура келсе, тесттен өткөндүгү тууралуу дүмүрчөк берилет.


Шаар тургундарына ыңгайлуу болуусу үчүн  аймактык шайлоо комиссиясынын базасында тестирлөө өткөрүүнүн графиги түзүлгөн.

 

График менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: график

 

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын шайлоо тизмесинен текшерүүнү суранат. Өздүк маалыматты төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: http://grs.gov.kg/, http://www.shailoo.gov.kg