ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиатынын башчысы үйлөрдү каптоо коркунучуна байланыштуу Аламүдүн дарыясына барды

Кече, 24-июлда Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Аламүдүн суусунун деңгээли жогорулап жана жакын жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жарагандыгына байланыштуу Жогорку «Көк-Жар» конушуна барды.

Аламүдүн дарыясынын суусу деңгээлинен жогорулагандыгын ӨКМнын Октябрь райондук бөлүмү аныктап, керектүү жумуш күчтөрдү жана оор техникаларды  тартты.  Жарылууга жана каптоого жол бербөө үчүн керектүү чаралар көрүлдү.


Октябрь районунун башчысы убагында стандарттык жана техникалык коопсуздук бузуп, суунун жээгине үй курууга уруксат бергендерге ачууланды. Бүгүнкү күндө курушутар дарыяга жакын жайгашып, каптап кетүү коркунучунун алдында турат.


Болот Алымкулов жергиликтүү тургундар тарабынан сууга таштандылар ташталгандыгы дагы суунун көтөрүлүшүнүн бирден бир себеби экендигин белгиледи.


Жыйынтыгында район башчысы жашоочуларга каналдын жана дарыянын жээгине таштанды таштабоого чакырды.