ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты баатыр энелерди “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” ордени менен сыйлады

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында райондун 19 баатыр энеге “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” медалдарын тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Алардын ичинен 10 эне “Баатыр Эне” ордени жана 9 эне “Эне Даңкы” медалы менен сыйланды.


Район башчысы Аскербек Алиев өз сөзүндө энелердин жаш муундарды тарбиялоодо, эркин жана өнүккөн мамлекети курууда салымы зор экендигин белгиледи. Ошондой эле, аларга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.


Чакырылгандарга район башчысынын атынан акчалай сыйлыктар тапшырылып, фуршет уюштурулду.


“Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” ордени менен сыйланган баатыр энелерге Биринчи май райондук администрациясы көңүл буруп, медициналык жана социалдык кызматтарды көсөтүп келет.


Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Указын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.